• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Жарандардан коронавирустун жоктугу тууралуу маалымкатты талап кылуу ашыкча — Боронов

COVID - 19 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Жаранда COVID-19 инфекциясынын жоктугу тууралуу маалымкатты талап кылуу иш-аракеттердин тиешелүү алгоритминде каралбаган шарттан тышкары ашыкча болуп саналат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында КРнын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Кубатбек Боронов ошондой эле Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн облуска кирүүгө тыюу салуу жана адам коронавирус менен оорубагандыгы тууралуу маалым катты талап кылуу боюнча өз алдынча кабыл алган чечимдерин өзгөртүү керектигин белгиледи.

Анын айтымында, аймакка кирүүчү жердеги санитардык-карантиндик посттордо бардык кирген жана чыккан унаалар менен жарандарды Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлиги тарабынан бекитилген текшерүү аракеттеринин алгоритмине ылайык көзөмөлдөөнү күчөтүү улантылышы шарт.

"Жаранда COVID-19 инфекциясынын жоктугу тууралуу маалымкатты талап кылуу иш-аракеттердин тиешелүү алгоритминде каралбаган шарттан тышкары ашыкча болуп саналат", - деп баса белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий