• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жаш ушучулар Бразилиядагы Дүйнө чемпионатын багындырганы барышат

Спорт 0

Бишкек, 04.07.18. /Кабар/. Бразилияда өспүрүмдөр арасында ушу боюнча жетинчи Дүйнө чемпионаты өтөт, ага Кыргызстандын да спортчулары катышат.

Турнир 9нан 17-июлга чейин уланат.

Мелдешке Кыргызстандын атынан Жумадыл Камбар уулу (2001-ж), Каримжан Балтабаев (2002-ж), Арсен Манапбек уулу (2003-ж), Самарбек Асылбеков (2004-ж) барат. Башкы машыктыруучу Тагай Өмүржанов.

Жеңүүчүлөр төмөнкү салмактык категория боюнча аныкталат: 48 кг чейин, 52 кг чейин, 56 кг чейин, 60 кг чейин, 65 кг чейин, 70 кг чейин, 75 кг чейин жана 80 кг чейин

Мелдешке катышуу үчүн кураманын мүчөлөрү спорттун улуттук түрү эмес боюнча дирекциядан каржыланат. Ал үчүн 300 миң сом каралган..

Пикир

Оставить комментарий