• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Жашыл мурас. Эмгек министрлигинин кызматкерлери 1,5 гектар жерге 700 көчөт отургузду

Коом 0

Бишкек, 09.04.22. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев президент Садыр Жапаров жарыялаган "Жашыл мурас" акциясынын алкагында көчөттөрдү отургузууга катышты.

Министрликтен кабарлашкандай, Базарбаевдин жетекчилиги астында борбордук аппараттын жамааты 1,5 гектар жерге 700 көчөт отургузду. Көчөттөр Беловодск психоневрологиялык балдар социалдык стационардык мекемесинин аймагына отургузулду.

Министр жамааттын алдында сөз сүйлөп, көчөттөрдү отургузуу өлкөнүн экологиясына, жаштарды руханий-адеп-ахлактык тарбиялоого жагымдуу таасирин тийгизерин белгиледи.

"Президент Садыр Жапаровдун биринчи жарлыгы руханий-адеп-ахлактык тарбия жана дене тарбия жөнүндө болду, анда биздин өлкөнүн экологиясына, жаратылышына өзгөчө мамиле жасалат. Президент Глазго климаттык форумунда биздин өлкө экологиялык кыймылдын активдүү катышуучусу болорун белгиледи", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий