• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Жаздан тарта Оштогу бардык маршруттук каттамдарды мобилдик тиркемеден көрүүгө болот

Аймак 0

Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. Жаз мезгилинен тарта Оштогу бардык маршруттук каттамдарды мобилдик тиркемеден көрүүгө болот. Бул тууралуу 24-январда Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаевдин катышуусунда өткөн Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынында белгилүү болду.

Иш-чарада мекеменин жетекчиси Мунарбек Тургунбаев 2021-жылда аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, анын ичинде GPS-навигаторлорун киргизип, “MiniBus” мобилдик тиркемесин туташтыруу багытындагы санариптештирүү жумуштарына токтолду.

“Учурда №125, 135, 107 маршруттук линиялардын кичи автобустары “MiniBus” тиркемесине туташтырылып, алардын иши онлайн көзөмөлдө. Жакынкы күндөрү бул системага №143, №108, №118 каттамдарды кошуу пландалууда. Ал эми жаз айларына карата калаадагы бардык кичи автобустарга GPS-навигаторлорун орнотуп, мобилдик тиркемеге туташтырылат. Мындан сырткары, айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аркылуу кечки саат 20:00дөн кийин каттаган кичи автобустардын саны 2 эсеге көбөйдү” - деди Тургунбаев.

Сонунбек Жунусбаев белгилегендей, мэр Алмаз Мамбетов коомдук транспортторду санариптештирүү менен калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу тапшырмасын койгон.

Жыйындын соңунда төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

- Кичи автобустарды санариптештирүү, аларды “MiniBus” тиркемесине киргизүү боюнча жумушту күчөтүү;

- Ош шаарынын мэри менен жашоочулардын жолугушуусунда көтөрүлгөн кайрылууларга ылайык калаанын алыскы кичи райондоруна каттаган линияларды текшерүү;

- Коомдук транспорттордун айдоочуларынын тейлөө маданиятын жогорулатуу, кичи автобустардын санитардык-техникалык абалын текшерүү;

- Жүргүнчүлөрдү ташуу эрежесин бир нече жолу бузган айдоочулардын компанияларына чара көрүү, алар менен түзүлгөн келишимди бузганга чейинки жоопкерчилигин кароо.

Аны менен катар вице-мэр быйыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлык маянасын көтөрүү пландалып жатканын айтып, коммуналдык кызматкерлердин турак-жай маселесине да көңүл буруу демилгеси бар экенин билдирди. Бул аракеттер шаардагы транспорт ишканаларынын жумушун жакшыртууга дем берет.

“Ош шаарынын мэриясы сиздердин бардык демилгеңиздерди колдоого даяр жана сиздерден сапаттуу кызмат көрсөтүүнү күтөт”, – деп белгиледи Жунусбаев.

Эскерте кетсек, Ош шаарында күн сайын 650-700гө жакын кичи автобустар 45 каттамда жүргүнчүлөрдү ташыйт.

Пикир

Оставить комментарий