• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Жээнбеков Атамбаев менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 29.03.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Жолугушуу кечээ, 28-мартта болгон. Бирок учурдагы жана мурдагы президенттер эмне тууралуу сөз кылгандыгы – белгисиз. Стамалиеванын айтымында, экөөнүн мындай жолугушуусу буга чейин да болгон.

Белгилей кетүүчү жагдай, 31-мартта Кыргызстандын Социал-демократтар партиясынын курултайы болот. Анда партиянын лидери катары Алмазбек Атамбаевдин дайындалышы күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий