• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жээнбеков Казакстандын борбору Астанага барды

Президент 0

Бишкек, 15.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-мартта Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын биринчи консультациялык жолугушуусуна катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына учуп барды. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Астана шаарынын эл аралык аэропортунда Сооронбай Жээнбековду Казакстан Республикасынын вице-премьер-министри Аскар Жумагалиев тосуп алды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын консультациялык жолугушуусуна катышуунун алкагында Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушат. Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-казак- мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулайт.

Жолугушууга Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын Президенттери катышат, анын жыйынтыгы менен Мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу болжолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий