• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жээнбеков: Кыргызстан Ооганстан өкмөтүнүн терроризм менен экстремизмге каршы турууга багытталган аракеттерин колдойт

Президент 0

Бишкек, 15.02.19. /Салатант Абдраева – Кабар/. Кыргызстан Ооганстан өкмөтүнүн тынчтыкты камсыз кылуу жана терроризм менен экстремизмге каршы турууга багытталган аракеттерин колдойт. Бул тууралуу КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков Ооганстандан советтик аскерлеринин чыгарылышынын 30 жылдык мааракесине арналган иш-чарада белгиледи.

Анын айтуусунда, Борбордук Азия бүгүн да дүйнөлүк коомчулуктун көңүл борборунда турат.

Мунун негизги себеби - Ооганстандагы кырдаал. Региондогу тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо - актуалдуу милдет бойдон калууда.

“Жарандардын ар кандай диний-экстремисттик кыймылдарга катышуу тенденциясы өсүүдө. Айрым мекендештерибиздин жалданма террорчуларга азгырылып жатканы бизди тынчсыздандырат. Диверсиялык-террористтик тажрыйба топтоп келген террористтердин региондогу кырдаалды курчутууга аракеттенип жатышы бизди өзгөчө кооптондурат. Буга эч убакта жол берүүгө болбойт”, - деп белгиледи президент.

“Ооганстан — бизге коңшу өлкө. Ошондуктан бул өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга кайдыгер боло албайбыз. Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун, Шанхай Кызматташтык Уюмунун, Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында региондо коопсуздукту камсыз кылуу аракеттерин мындан ары дагы күчөтөт", — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал Ооганстан боюнча экономикалык, энергетикалык жана транспорттук-комуникациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бардык өнөктөштөр менен Кыргызстан тыгыз иштешүүгө даяр экенин, "CASA-1000" энергетикалык долбоордун алкагында Тажикстан менен бирге Ооганстан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттойлу деген ниетибиз бардыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий