• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Жээнбеков: Республика аймагында өзгөчө кырдаал режими сакталат, анын мөөнөтү дагы узартылат

Президент 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Жалпы республиканын аймагында өзгөчө кырдаал режими сакталат, анын мөөнөтү дагы узартылат. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков айтты.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, бүгүн өлкө башчысы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады.

Анда президент азыркы учурда, бир тарапта — коронавирус илдетинин кесепеттери, экинчи жагында — экономикага тескери таасир этчү коркунучтар турат, - деп айткан.

"Дүйнөнү дүрбөлөңгө түшүргөн кырсыктан элибизди аман-эсен алып чыгуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Илдеттин жайылуусуна бөгөт коюу, жарандарыбыздын ден соолугун жана өмүрүн сактоо үчүн өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин киргиздик. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик, дарыгерлерибиз, милиция жана аскер кызматкерлери күнү-түнү эмгектенишип, калкыбыздын өмүрүн сактоо үчүн болгон аракетти жасашууда", - деп баса белгиледи президент.

Анын айтуусуна караганда, айыл, район, облустардын жашоочулары жеринде тартипти кармап, кирген-чыкканды көзөмөлдөп, илдетке каршы күрөштө чоң жардам беришүүдө.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө айткандай, жалпы эл кырдаалды туура түшүнүп, сабырдуулук жана жоопкерчилик менен мамлекеттик органдардын аракеттерин колдоп, талап кылынган эрежелерди сактап берди.

"Чогуу жасаган ушул аракеттер — оорунун андан ары жайылышына бөгөт болду. Эми экономикабызды жандандыруу үчүн, ишкерликтин айрым багыттарына уруксат берилди. Алар өз жумушун кайрадан баштады. Мындан ары бардык тармактар боюнча бизнестин ишмердигин акырындап ордуна келтирүүгө муктажбыз. Бирок, адамдарыбыздын ден соолугу жана өмүрү баарынан кымбат. Ошондуктан, жалпы республиканын аймагында өзгөчө кырдаал режими сакталат, анын мөөнөтү дагы узартылат", - деп билдирди Жээнбеков.

Өлкө башчысынын айтуусунда, өзгөчө абал режими алынып салынса да, ар бирибизден катуу тартипти сактоо, санитардык–гигиеналык эрежелерди бекем кармануу талап кылынат.

"Ишканалардын иши жанданып, карым-катыш ачылган шартта да бул талаптарды кынтыксыз аткарууга милдеттүүбүз. Коомдун саламаттыгы үчүн мамлекет жооптуу. Бирок, оорунун жайылып кетүүсүнө жол бербөө үчүн, мамлекет менен катар ар бир жаран да өз жоопкерчилигин сезүүгө милдеттүү. Ыктыярдуу жоопкерчилик мурдагыдан да күчтүү болушу керек. Иш берүүчүлөр жана жергиликтүү бийлик чогуу аракет кылып, зарыл чаралардын баарын аткаруусу абзел. Коомдун, өзүбүздүн, балдарыбыздын, жакындарыбыздын ден-соолугу жана өмүрү үчүн мамлекет менен чогуу — ар бирибиз жоопкерчиликти моюнга ала турган учур келди", - деди ал.

Жээнбеков баарына бүгүнкүгө чейин тартипти сактап, медициналык талаптарды аткарганыңар үчүн терең ыраазылык билдирди.

"Мындан ары да бекем тартип, биримдик менен, бул аракеттер улантылат", - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий