• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Жээнбеков: Түрк кеңешинин өлкөлөрү ортосундагы инвестициялык кызматташуунун дараметин жогорулатуу зарыл

Президент 0

Бишкек, 15.10.19. /Кабар/. «Түрк кеңешинин өлкөлөрү ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун дараметин жогорулатуу зарыл. Өзгөчө чакан жана орто ишкердикке колдоо көрсөтүү абдан маанилүү», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-октябрда Баку шаарында (Азербайжан) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) Жетинчи жыйынында.

Мамлекет башчысы бүгүнкү Саммиттин темасы «Кичи жана орто ишкердикти өнүктүрүү» экенин, буга байланыштуу кыргыз тарап түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкка чоң маани берерин белгиледи.

«Түрк кеңешиндеги өлкөлөрдүн ички дүң продукциясынын жалпы көлөмү 1,5 триллион доллардын тегерегинде. Ошондуктан, биз жалпы экономикалык дараметибизди толук колдонушубуз керек. Кыргызстан бул багытта транспорттук коридорлорду кеңейтүү, энергетикалык объекттерди куруу, жеңил өнөр жай жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жаатында ийгиликтүү иш алып барууда. Ошондой эле логистика, транспорт, туризм жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндөгү байланыштарды кеңейтүүдө», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент бул тармактарда Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин өнөктөштөрү менен биргеликте иштөөгө даяр экендигин билдирди.

Кыргызстан менен Казакстандын Евразиялык экономикалык биримдиктеги мүчөлүгү — түрк өлкөлөрүнүн ишкерлерине 190 миллионго жакын керектөөчү бар рынокко чыгууга мүмкүндүк берерин кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Уюмдагы өлкөлөрдүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн колдонула элек дарамети чоң экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий