• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

ЖК аппарат жетекчиси Сабырбеков Кореядан келген IT-технология боюнча эксперттик топ менен жолукту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Алмазбек Сабырбеков Кореядан келген IT-технология боюнча эксперттик топ менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) КР Жогорку Кеңешине IT-инфраструктурасын модернизациялоо жана санариптештирүү үчүн гранттык негизде 200 миң АКШ доллары өлчөмүндө техникалык көмөк көрсөтмөкчү.

Жолугушууда Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ли Жонгсу долбоор боюнча маалымат берип жатып, ал үч баскычта ишке ашаарын түшүндүрдү. Тагырагы, Жогорку Кеңештин жыйындар залдарын техникалык жактан камсыз кылуу, орнотулган техникаларды системалаштыруу, программалоо жана IT-техникалык жабдыктарды иштетүү үчүн адистерди даярдоо.

Бул долбоор 2022-жылдан 2026-жылга чейин ишке ашырылат.

Өз кезегинде КР Жогорку Кеңешинин аппарат жетекчиси Алмазбек Сабырбеков Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Чжэге жана KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ли Жонгсуга ыраазычылык билдирип, аталган долбоор парламент менен карапайым калктын ортосундагы байланышты жакшыртып, парламенттин демократиялык багытта өнүгүшүнө зор өбөлгө түзөөрүн кошумчалады. Муну менен катар аппарат жетекчи депутаттардын заманбап техникалык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен онлайн добуш берүүсүн камсыздоо зарылчылыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий