• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

ЖКнын тармактык комитети Салык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.10.18. /Кабар/. Кечээ, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети депутат Дастан Бекешев тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун карады. Андан тышкары тармактык комитет мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун 2016-2017-жылдар аралыгындагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун угушту.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Замирбек Аскаров Экономика министри Олег Панкратов, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Ренат Тулебердиев, Эсептөө палатасынын өкүлү Заирбек Жоошбеков ж.б. тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча баяндама жасаган Депутат Дастан Бекешев, мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлерге берилген Конституциялык укук жана Салык кодекси ортосунда карама-каршылык жаралып жатканын айтты. “Кыргыз Республикасынын Конституциясы боюнча мамлекеттик жана муниципиалдык кызматта иштегендер негизги ишине тоскоолдук жаралбаса маданий, илимий жана педогогикалык ишмердүүлүк кылса болот. Ал үчүн салык кызматынан ыктыярдуу патент алуусу керек. Бирок жогоруда аты аталган кызматта иштегендер патент алган учурда салык кызматы аларды автоматтык түрдө жеке ишкер катары карагандыктан, мамлекеттик кызматта иштегендер жеке ишкерлик кылууга болбойт деген тыянактын негизинде мамлекеттик кызматын тапшырууга туура келет. Ошондуктан Салык кодексине өзгөртүү киргизип, мамлекеттик жана муниципиалдык кызматта иштегендер маданий, илимий жана педогогикалык ишмердүүлүк кылуусуна уруксат берүүнү сунуштап жатам”,-деди депутат Дастан Бекешев. Демилгеленген мыйзам долбоору комитет мүчөлөрү тарабынан колдоо таап, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилди.

Күн тартибиндеги экинчи маселе Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун 2016-2017-жылдар аралыгындагы ишмердүүлүгү жөнүндө” отчетун Өкмөт карай электигине байланыштуу баядаманы угуп, сунуш-пикир жана толуктоолор айтылды.

Пикир

Оставить комментарий