• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.03.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады,-деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Урматтуу айымдар!

Кадырлуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди 8-март – аялдардын эл аралык майрамы менен ак дилден куттуктайм!

Ушул куттуу майрам жадыраган жаздын алгачкы күндөрүнө үзөнгүлөш келгенинде өзүнчө шаӊ, өзүнчө кубаныч бар. Анткени кандай гана мезгил, кандай гана доор болбосун ар дайым аялзаты ырыс-ынтымактын, боорукерликтин, үй-бүлөдөгү ыйык куттун, эң башкысы мээрмандыктын очогу болуп келген. Ошондуктан бекеринен бейиш эненин таманында деп айтылбаса керек. Ак пейил, аруу мамилеӊиздер, талыкпаган эмгек жана күйүмдүүлүгүӊүздөр үчүн сиздерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиӊиздер!

Урматтуу айымдар!

Бүгүнкү ушул куттуу майрам күнү жароокер көркүӊүздөрдөн, мээрман мүнөзүӊүздөрдөн жазбай, коомубуздун гүлдөп өнүгүшү үчүн ары жооптуу, ары түйшүктүү ишиңиздерде зор ийгиликтердин жарала беришине ишенүү менен, баарыӊыздарга бейкутчулук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, чың ден-соолук жана бакубат турмуш каалап кетмекчимин.

Ар дайым жүзүӊүздөрдү жылмаюу, үйүӊүздөрдү күлкү-шаӊ, турмушуӊуздарды кубаныч жылоолоп, бар болуӊуздар!

Учурдан пайдаланып, эгемен мамлекетибиздин демократиялык нукта андан ары өнүгүүсүнүн бүгүнкү жооптуу учурунда Сиздер менен ар дайым максатташ жана пикирлеш экендигибизди билдиргим келет.

Тереӊ урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Д. Жумабеков.

Пикир

Оставить комментарий