• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жогорку сот Жапаровдун жазык иштеринин жыйынтыктары тууралуу түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 30.12.20. /Кабар/. Президенттик кызматка талапкер Садыр Жапаровдун жазык иштеринин жыйынтыктары тууралуу Жогорку сот төмөнкүдөй түшүндүрмө берди:

«Алгач, С. Жапаров, К. Ташиев жана Т. Мамытовдун 2012-жылдын 3-октябрында бийликти күчкө салып тартып алуу жөнүндөгү кылмыштары боюнча:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2020-жылдын 16-октябрындагы токтому менен К. Ташиев, С. Жапаров жана Т. Мамытовдун жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Ж. Жаманбаеванын жазык иши боюнча өндүрүштү кайтадан ачылган жагдайлар боюнча жаңыртуу тууралуу өтүнүчү жана корутундусу канааттандырылып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2013-жылдын 6-августундагы токтому жокко чыгарылып, жазык иш кассациялык инстанциядагы сотко кассациялык тартипте кароого коюлган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2020-жылдын 16-октябрындагы токтому менен бул жазык иши кассациялык тартипте каралып, Бишкек шаардык сотунун 2013-жылдын 17-июнундагы К. Ташиев, С. Жапаров, Т. Мамытов, Б. Исаев, К. Камчыбеков жана С. Кадырбаевге карата актоо өкүмү күчүндө калтырылган».

Кийинки С. Жапаровдун 2013-жылдын 7-октябрындагы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ысык-Көл областындагы ыйгарымдуу өкүлү Э. Каптагаевди барымтага алуу кылмышы боюнча:

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2020-жылдын 6-октябрындагы токтому менен С. Жапаровдун жактоочусу З. Базарбековдун жана прокурор Р. Жакыповдун жазык иш боюнча өндүрүштү кайтадан ачылган жагдайлар боюнча жаңыртуу тууралуу өтүнүчтөрү канааттандырылып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 2-августундагы Бишкек шаардык сотунун 2017-жылдын 15-сентябрындагы өкүмдөрү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2018-жылдын 13-июнундагы жана 2019-жылдын 30-апрелиндеги токтомдору жокко чыгарылып, жазык иш сотко чейинки өндүрүш жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберилген

Пикир

Оставить комментарий