• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жыл башынан бери Өкмөттүн аппаратына жарандардан 1242 кат жана 321 оозеки кайрылуу түшкөн

Өкмөт 0

Бишкек, 10-апрель /Кабар/. 2017-жылдын I кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жарандардан 1242 кат жана 321 оозеки кайрылуу түшкөн, алардын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына – 76;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине– 239;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасына– 189;

- КМШ жана алыскы чет мамлекеттерге – 12;

- электрондук кайрылуулар – 217.

Кайрылуулар республикасынын бардык аймактарынан келип түшкөн, алардын арасынан:

- Бишкек шаарынан– 395 (31,8 %);

- Чүч облусунан – 215 (17,31%);

- Жалал-Абад облусунан – 166 (13,37 %);

- Ош облусунан – 131 (10,55 %);

- Ысык-Көл облусунан – 102 (8,21 %);

- Нарын облусунан – 67 (5,39 %);

- Ош шаарынан – 65 (5,23 %);

- Баткен облусунан – 50 (4,03 %);

- Талас облусунан – 38 (3,06 %).

Кайрылгандардын көпчүлүгү – улгайган адамдар, пенсия курагындагылар, калктын социалдык жактан корголбогон катмары жана жамааттар.

Каттардын мазмунундагы дээрлик басымдуу бөлүгү социалдык кызматтар, пенсия, жеңилдиктер, жөлөк пул жана материалдык жардам (11,49 %), билим берүү жана илим (8,77 %), турак жай маселеси (11,05 %), жумушка орноштуруу боюнча ар түрдүү талаш-тартыштар жана айлык акы – 65 (5,23 %).

Бардык кабыл алынган кайрылуулар боюнча тиешелүү иштер жүргүзулдү, керектүү түшүндүрмөлөр берилди, көрсөтүлгөн маселелерди чечүү боюнча жардамрдар берилди.

Коомдук кабылдамага кайрылган 321 жарандын 99 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилери тарабынан кабыл алынды.

Айрым кайрылуулар боюнча жана андагы маселени иликтөө боюнча тиешелүү министрликтер менен ведомстволордо жумушчу топтор түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби» тууралуу мыйзамынын негизинде 2016-жылдагы министрликтер менен административдик ведомстволордун аткарган иштеринин жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жумушчу тобу тарабынан каралып чыкты, эми 2017-жылдын апрель айындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында каралат.

Пикир

Оставить комментарий