• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жыргалбек Саматов "Көк-бөрү" федерациясынын президенттигинен алынды

Коом 0

Бишкек, 27.02.19. /Кабар/. Жыргалбек Саматов "Көк-бөрү" федерациясынын президенттигинен алынды. Мындай чечим бүгүн федерациянын аймактардан келген өкүлдөрүнүн жыйынында кабыл алынган.

Саматов жасалган иштер боюнча отчет берип жатканда, көптөр нааразы болуп, отурумдан чыгып кетишкен. Андан кийин, Саматов баары кийинки курултайда чечилерин айтып, залдан чыккан.

Бирок, жыйын аяктаган жок. Катышуучулар көк-бөрү оюнунда жаралган маселелерди талкуулоону улантышты. Маселен, алар, жетекчилик бирдикте иш алып барып, көк-бөрүнүн эл аралык эрежелерин коргоп алуунун ордуна Астанада белгиленген отурумга барбай койгонун айтышты.

Жыйынтыгында, алар Федерациянын президенти катары Искендер Кадыркуловду шайлашты.

Белгилей кетсек, Саматов "Көк-бөрү" федерациясын өткөн жылдын июль айынан бери жетектеп келген.

Пикир

Оставить комментарий