• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

100дөн ашык реаниматолог COVID-19 учурунда дем алууну жеңилдеткен ыкманы үйрөнүштү

Ден соолук 0

Бишкек, 18.10.22. /Кабар/. Бишкек жана Ош шаарларында реаниматологдор үчүн COVID-19 учурунда оорулуулардын дем алуусун жеңилдетүү боюнча практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүү боюнча тренингдер өткөрүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тренингде инвазивдүү жана инвазивдүү эмес вентиляциянын негиздери да камтылган жана иш-чара Дүйнөлүк банктын “COVID-19га тез чара көрүү” долбоорунун алкагында уюштурулган. Ага райондук, облустук жана республикалык саламаттык сактоо уюмдарынан 100дөн ашык реаниматолог катышты.

"Окутуу программасы коронавирус менен ооруган бейтаптар менен түздөн-түз иштеген дарыгерлердин муктаждыктарын эске алуу менен түзүлгөн. Тренингдер 2022-жылдын 3-7-октябрында Ош шаарында, 10-14-октябрында Бишкек шаарында өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Долбоордун максаты - Кыргызстандын COVID-19 пандемиясына каршы даярдыгы жана жооп кайтаруу жаатындагы аракеттерине тийиштүү профилактикалык иш-чараларды камсыз кылуу, дары-дармектерди, буюмдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле медицина кызматкерлери үчүн тобокелдиктерди азайтуу.

Пикир

Оставить комментарий