• 88.68
  • 95
  • 0.95

13 жаштагы кызга сексуалдык зомбулук көрсөтүшкөн, бирок иш иликтенбей жатат – жактоочу

Коом 0

Бишкек, 01.08.18. / Кабар/. 13 жаштагы кызга сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулук аракеттерин жасашкан, иш иликтенбей жатат. Бул тууралуу жабырлануучу тараптын жактоочусу Арман Кайгырова билдирди.

Анын айтымында, окуя 2016-жылы соода борборлорунун биринин кинотеатрындагы дааратканада болгон.

“Бала 13 жаштагы кызга сексуалдык мүнөздөгү зордук аракеттерин жасаган. Кыз ошол учурда эч кимге эч нерсе айткан эмес. Быйыл март айында апасына болгон окуя жөнүндө айтып берген”, - деди юрист.

Ал Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Ж.Т. көп айдан бери шектүүгө карата эч кандай чара көрбө жатканын кошумчалады. 12-июлда ал РИИБге шектүү жигитти чакырып, сүйлөшүүдөн кийин коё берген.

“Жаныш Т. Аттуу тергөөчү соттук психологиялык-психиатриялык экспертиза жүргүзүү боюнча токтом чыгарган. Бирок анын жыйынтыгын күтпөй 2018-жылдын апрель айынын аягында кылмыш ишин козгоодон баш тарткан”, - деди жактоочу.

Ал Ички иштер министрлигинен аталган кылмышты ачууга көмөктөшүүсүн суранды.

Пикир

Оставить комментарий