• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

15 жылдан бери Казакстандан келе албай жүргөн КР жарандары мекенине кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 20.10.23. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги КР Алматы шаарындагы Башкы консулдугу менен биргеликте Казакстандын Алматы облусунун аймагында 15 жыл бою документи жок жүргөн, эки кыргыз жаранын мекенине кайтарып келүүгө жардам берди.

Тышкы саясий ведомстводон билдиришкендей, Р.Б.К жана К.Э.Т аттуу жубайлар Казакстанга 2008-жылы акча табуу үчүн барышкан, ошондон бери аларга Кыргызстанга чыгып, документтерин өз убагында тариздөөгө мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Башкы консулдук тарабынан аталган жарандарды документтештирүү боюнча бардык зарыл иш-чаралар көрүлүп, Кыргызстандын компетенттүү органдарынан тиешелүү документтерди алуу менен, жогоруда аталган жарандарга Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктөр таризделип берилди.

Мындан тышкары, Башкы консулдук тарабынан иштеген мезгили үчүн иш берүүчү тарабынан төлөнбөгөн эмгек акыны алууга көмөк көрсөтүлдү.

Башкы консулдуктун жардамы менен 2023-жылдын 18-октябрында Р.Б.К жана К.Э.Т жубайлары Кыргызстанга аман-эсен кайтып келишти.

Пикир

Оставить комментарий