• 88.68
  • 95
  • 0.95

17-апрелден тарта Бишкектин Интергельпо көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат

Коом 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. 17-апрелден тарта Бишкектин Интергельпо көчөсүнүн Кеңсуу көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейинки бөлүгү оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Интергельпо көчөсү Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында оңдолот.

Унаалардын өтүшү үчүн альтернативдик жолдор Пишпек жана Фучик көчөлөрү болот.

Бишкек мэриясы жарандардан жүргүзүлүп жаткан жол иштерине түшүнүү менен мамиле жасап, каттамды алдын ала пландап коюуну суранат.

Пикир

Оставить комментарий