• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2017-2018-жылдагы саркеч сөйкөлөр

Дүр дүйнө 0


Сөйкө айымдардын образын толуктап, ажарын ачат. Айымдар сөйкө тандоодо көбүнчө келбетинин түзүлүшүнө көңүл бурушат. Бүгүн биз сиздер менен бирге 2017-2018-жылдарда популярдуу жана саркеч боло турган сөйкөлөр тууралуу таанышабыз!

Бул аксессуарлар замандын талабына төп келген кийимдериңизди толуктап турат.

Калем жана аябай узун сөйкөлөр

Калем сөйкөлөр саркеч айымдардын сүйүктүү сөйкөсүнө айланган. Алар көбүнчөсү ар кандай түстүү жиптерден жана бархаттан жасалып, айымдардын образын эң мыкты толуктап турат.

Бул сөйкөлөрдүн баасы да кымбат эмес, калем сөйкөлөрдү жиптен, бисерден, жылтыраган таштан жана башка көп нерседен жасаса болот.

Айымдардын ажарын ачкан бул кооз сөйкөлөр 2017-2018-жылдары өз популярдуулугун жоготпой тескерисинче, көп суроо-талапка ээ болуп келет.

Саркеч сөйкөлөрдүн катарын аябай узун сөйкөлөр да толуктайт. Алар ар кандай формада болот – төрт бурчтук, үч бурчтук, жылтыраган ачык түстөгү таштары менен узун сөйкөлөр ж.б. Айрым учурларда мындай сөйкөлөр чындыгында эле жомоктогудай образ калтырат.

Бермет менен сөйкөлөр

Бул кооздуктарды тарыхы абдан терең, буларды шурулардын классикалык түрүнө кошсо болот. Ошондуктан бермет сөйкөлөрдү эч ойлонбой сатып алып, төрт мезгилде тең тагынсаңыз боло берет.

Шакек сөйкөлөр

Мурда чоң шакек сөйкөлөрдү ырчы Рианна жана бир катар белгилүү инсандар тагынганды жактырышчу. Эгерде сиз абдан чоң сөйкө тагынып алып, өзүңүздү ыңгайсыз сезип жатсаңыз, анда, келбетиңизге жараша көлөмдүүсүн тандап алыңыз.

Пикир

Оставить комментарий