• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2020-жылдын 1-кварталында 308 миң жеңилдетилген рецепт жазылып, 115,9 млн сомго дары-дармектер берилген - Боронбаева

Ден соолук 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. 2020-жылдын 1-кварталында 308 миң жеңилдетилген рецепт жазылып, 115,9 млн сом өлчөмүндө дары-дармектер берилген. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева билдирди.

Анын айтымында, калкты жеӊилдетилген дары-дармек менен камсыздоо 2 программа боюнча жүргүзүлөт. Биринчиси - Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы КРнын камсыздандырылган жарандарына ММК Фонду менен келишим боюнча иштеген дарыканаларда дары-дармек каражаттарын алууга орточо 50% жеӊилдик көрсөтүү үчүн каралган.

“2020-жылы камсыздандырылган жарандарды жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоого 307,1 млн сом каралган. Жалпысынан 2020-жылдын 1-кварталында 308 миң жеңилдетилген рецепт жазылган жана 115,9 млн сом өлчөмүндө дары-дармектер кое берилген. Жеңилдетилген рецепттердин жалпы санынан пенсионерлерге 35%, балдарга 13%, иштеген жарандарга 18%, фермерлерге 8%, кош бойлуу аялдарга 6% жана социалдык жөлөк пул алгандарга 9% жазылып берилген”, - деп кошумчалады ал.

Боронбаева белгилегендей, ал эми экинчиси - мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча 5 социалдык маанилүү илдет (параноялуу шизофрения, ар кандай генездеги аффективдүү бузулуулар, бронхалык астма, терминалдык стадиядагы онкологиялык оорулар, эпилепсия) боюнча бейтаптарды камсыздандыруу макамына карабастан дары-дармек менен жеӊилдетилген камсыз кылуу каралган.

“2020-жылы 5 социалдык маанилүү оорулар боюнча жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылууга 55 млн сом каралган. 2020-жылдын 1-кварталында 14,5 млн сомго 20,9 миң рецепт жазылып берилген, иш жүзүндө каржылоонун суммасы 14,5 млн сомду түзгөн”, - деп сөзүн жыйынтыктады фонддун төрайымы.

Пикир

Оставить комментарий