• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2022-жылы Эсеп палатасы маморгандарда 28 млрд сомдук мыйзам бузууларды аныктады

Экономика 0

Бишкек, 21.01.23. /Кабар/. 2022-жылы мамлекеттик органдарды жана аларга караштуу кызматтарды аудитордук текшерүүдө 28 млрд сомдун мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн жыйынында Эсеп палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов билдирди.

Анын айтымында, бул каражаттар натыйжасыз колдонулган. Бүгүнкү күндө бул каражаттын 18 млрд сому бюджетке кайтарылды.

Ошондой эле ал палатада 206 адис иштей турганын жана аудитордук иштердин натыйжалуулугун көтөрүү үчүн штатты кошумча кадрлар менен толуктоо талап кылынарын белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда республикалык кеңешме уланууда. Ал кечээ, 20-январда башталган. Түшкү тамактан кийин Кыргызстанда иш алып барган каржы институттарынын башкармалыктарынын төрагалары менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий