• 88.68
  • 95
  • 0.95

2022-жылы Кыргызстанга акча которуулардын агымы $2,9 млрд ашкан

Экономика 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Өткөн жылы Кыргызстанга акча которуулар системалары аркылуу чет өлкөлөрдөн 2 млрд 928,19 млн АКШ доллары которулган. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, 2021-жылга салыштырмалуу түшүүлөрдүн көлөмү 6,2%га өскөн. 2021-жылы Кыргызстанга башка өлкөлөрдөн 2 млрд 756,24 млн доллар келип түшкөн.

Өткөн жылы түшкөн акчанын негизги бөлүгү - 2 млрд 780,15 млн доллар Россиядан которулган, бул дээрлик 95%ды түзөт. Казакстандан 9,49 млн доллар жана КМШнын башка өлкөлөрүнөн 4,28 млн доллар түшкөн.

Алыскы чет өлкөлөрдөн физикалык жактар 134,18 млн доллар которушкан. Анын ичинен:

- АКШдан 54,94 млн доллар (27%га өскөн);

- Түркиядан 12,91 млн доллар (16 эсеге өскөн);

- Улуу Британиядан 6,03 млн доллар (5,5 эсеге өскөн);

- Германиядан 4,7 млн доллар (5,2 эсеге өскөн);

- Алыскы чет өлкөлөрдөн 55,58 млн доллар (4,7 эсеге өскөн).

Пикир

Оставить комментарий