• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2022-жылы Мамкурулуш тарабынан 96 объект бүткөрүлгөн

Коом 0

Бишкек, 11.01.23. /Кабар/. 2022-жылдын ичинде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан 96 объект бүткөрүлгөн. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Тармактар боюнча:

  • 37 мектеп (5200 орунга);
  • 12 бала бакча (530 орунга);
  • 4 спорттук комплекс;
  • 2 саламаттык сактоо объектиси;
  • 2 маданият тармагындагы объект;
  • 1 башка объект;
  • 38 айылда 87 миңден ашык жаран таза суу менен камсыз болду.

Облустар боюнча:

  • Чүй облусу жана Бишкек шаары – 15 объект;
  • Баткен облусу – 8 объект;
  • Жалал-Абад облусу – 23 объект;
  • Ысык-Көл облусу – 12 объект;
  • Нарын облусу – 8 объект;
  • Ош облусу – 24 объект;
  • Талас облусу – 6 объект.

Пикир

Оставить комментарий