• 88.68
  • 95
  • 0.95

2023-жылы Бишкекте коомдук транспорт маселеси толук чечилет – Абдыкадыров

Коом 0

Бишкек, 01.03.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2023-жылы Бишкекте коомдук транспорт маселеси толук чечилет. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигиндеги маалымат жыйынында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, борбор калаага жыл башында Кытайдан 120 автобус келди.

"Жыл аягына чейин дагы 1500 автобус келет. Учурда Кытай жана Беларусь өлкөлөрү менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Ал өлкөлөрдө ишканалар жылына 30 миң автобус чыгара алат экен. Ошондой эле евростандарт менен автобустарды жасайт. 2023-жылы Бишкекте коомдук транспорт маселеси толук чечилет", - деди мэр.

Шаар мэри калаадагы маршруттук таксилердин унаалары шаардан сыртка чыгарыларын кошумчалады.

"Бишкектин Некрасов көчөсүндө канализациянын түтүктөрү оңдолуп жаткандыгына байланыштуу жол тыгыны пайда болууда. Мен аларга оңдоо иштерин үч айда эмес бир айда бүтүрүү тапшырмасын койдум", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий