• 88.68
  • 95
  • 0.95

2023-жылы Кыргызстанда каржы пирамидасына байланыштуу 358 иш тергелди

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. 2023-жылы Кыргызстанда каржы пирамидасына байланыштуу 358 иш тергелди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, анын ичинен 217 кылмыш ишинин тергөөсү аяктап, соттук кароого жиберилген. Учурда 98 кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып келет.

Кылмыш иштери боюнча жабырлануучулардын жалпы саны 350 адамдан ашып, келтирилген материалдык чыгым 68 млн сомдон ашкан. Ал эми, кылмыш иштери боюнча жалпысынан 40 адам жоопко тартылган.

Каржы пирамидасына байланыштуу кылмыш фактыларынын басымдуу көпчүлүгү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында катталган. Ал эми салыштырмалуу азыраак бөлүгү Чүй, Баткен жана Талас облустарына катталган.

Пикир

Оставить комментарий