• 88.68
  • 95
  • 0.95

22-апрелге карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 22-апрелге карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында +22...+27, Талас менен Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл облусунда +15...+20, Нарын облусунда +17...+22 градус болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы +23...+25, градуска жетет

Пикир

Оставить комментарий