• 88.68
  • 95
  • 0.95

22-июнга чейин Кыргызстандын аймагында аба ырайы кандай болот? Жооп

Коом 0

Бишкек, 13.06.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 14-июндан 22-июнга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 14-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

15-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөңдөрүндө, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

16-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

17-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

18-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

19-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

20-июнда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

21-июнда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

22-июнда түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймакатрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий