• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда 22 мугалим билим берүү тармагына кошкон өзгөчө салымы үчүн сыйланды

Билим 0

Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. Кыргызстанда 22 мугалим билим берүү тармагына кошкон өзгөчө салымы үчүн сыйланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мугалимдер бүгүн, 28-августта педагогдордун август конференциясында көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү тармагына кошкон өзгөчө салымы, жаш муундарды окутуп тарбиялоодогу ийгиликтери жана жетишкендиктери үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси жана Ардак грамотасы менен сыйланды.

“Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйлангандар:

1. Базарбай кызы Зулайка – Ош шаары, №14 К.Алтыбаев атындагы орто мектебинин химия жана биология мугалими;2. Бапышова Динара Үсөнбаевна – Ош облусу, Өзгөн району, К.Раимбеков атындагы мектеп-гимназиясынын математика жана информатика мугалими;

3. Жумабаева Алтын Гапуровна – Баткен облусу, Кадамжай району, Молдо Нияз атындагы №37 гимназия мектебинин химия мугалими;

4. Илипбаева Чолпон Садыбакасовна – Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, С.Киров атындагы орто мектебинин тарых мугалими;

5. Сатиева Чынара Мураталиевна – Жалал-Абад облусу, Сузак району, М.Торомаматов атындагы №96 жалпы билим берүүчү орто мектебинин математика мугалими;

6. Джоробекова Айкан Шаршенбековна – Талас облусу, Айтматов району, Т.Бабанов атындагы жатак-лицейинин тарых мугалими;

7. Раимкулова Айнажан Камчыбековна – Чүй облусу, Панфилов району, Ж.Болотбеков атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;

8. Алымкожоев Өмүрбек Жумадилович – Чүй облусу, Аламүдүн району, Маевка орто мектебинин тарых мугалими;

9. Жукова Наталья Николаевна – Бишкек шаары, №25 жалпы орто билим берүүчү орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;

10. Жапарова Махабат Жолдошовна – Бишкек шаары, №88 жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

11. Иманалиева Венера Мукашовна – Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйлангандар:

1. Мурзабекова Жазгүл Дүйшөнбековна – Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, №1 Т. Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүү орто мектебинин математика мугалими;

2. Маатова Гулжамал Максатовна – Ош облусу, Кара-Суу району, А.Сматов атындагы №44 орто мектебинин информатика мугалими;

3. Мамраимов Өмүрзак Көкүлович – Ош шаары, С.М.Киров атындагы №4 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими;

4. Кубатова Гулзира Назаркуловна – Баткен облусу, Лейлек району, №3 мектеп-гимназиясынын математика мугалими;

5. Эсенгулов Мурат Каниметович – Нарын облусу, Ат-Башы району, К.Керималиев атындагы Кызыл-Туу орто мектебинин тарых мугалими;

6. Исмаилова Гүлназ Кубанчбековна – Нарын облусу, Нарын шаары, В.П. Чкалов атындагы № 2 мектеп –гимназиясынын орус тили жана адабияты мугалими;

7. Молдалиева Бактыкан Кубанычбековна – Талас облусу, Бакай-Ата району, Молдогазы атындагы Урмарал орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

8. Думукенова Назира Джапаровна – Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, №11 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими;

9. Назарова Людмила Эдуардовна – Бишкек шаары, “Келечек” билим берүү комплексинин математика мугалими;

10. Кошуева Даркүл Баатыровна – “Сема” Ош лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

11. Атазова Калбү Карыбековна – Ош облусу, Араван району, № 48 “Гүлбаар” атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

Пикир

Оставить комментарий