• 88.68
  • 95
  • 0.95

30-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 30-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +25…+30°, Талас облусунда +24…+29°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28…+30°, Ысык-Көл ойдуңунда +19…+24°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында +19…+24°, тоолуу райондордо +5…+10, ал эми Бишкек шаарында +28...+30, Ош шаарында +31...+33 жылуу болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий