• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

405 миң сом. Жалал-Абадда бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качкан факты аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.05.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. Жалал-Абадда бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында товарларды жалган декларациялоо фактысы аныкталды.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, 2022-жылдын октябрында "Н.С." ЖЧКсынын дарегине Түркиядан 20 700 кг бадам келген.

Бажы органдарына берилген инвойско ылайык, товардын баасы 9 миң 979 АКШ долларын түзгөн. Товарлар "Ички керектөө үчүн чыгаруу" бажы жол-жобосу менен чыгарылып, 181 миң 821 сом бажы төлөмдөрү төлөнгөн.

Бирок текшерүүнүн жүрүшүндө жүк коштоочу документтеринин маалыматтарын салыштырганда контролдук деңгээлде кармалган товарлардын баасы 17 миң 962 АКШ долларын түзгөнү, бажы тариздөөгө төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасы 586 миң 960 сомду түзгөнү аныкталган.

Ошентип, төлөнгөн бажы төлөмдөрүнүн айырмасы 405 миң 138 сомду түзөт.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Жалал-Абад облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий