• 88.68
  • 95
  • 0.95

6-февралга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Кыргызигдромет борбору 6-февралга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5...+10 градус, Талас облусунда +3...+8 градус, Ысык-Көл облусунда -1...+4 градус, Нарын облусунда -3...-8 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкекте абанын табы +7...+9 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий