• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абдыгулов: саат 8:00гө карата өлкө боюнча бардык шайлоо тилкелери ачылды

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17. /Кабар/. Саат 8:00гө карата өлкө боюнча бардык шайлоо тилкелери ачылды. Шайлоого даярдык 100% түзөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов билдирди,-деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы.

“Саат 8:00 карата өлкө боюнча бардык аймактарда шайлоо тилкелер ачылды. Шайлоого даярдык 100% түзөт. Бардыгы болуп шайлоо күнү 2375 шайлоо тилкеси иштейт, алардын 37си КРнын чет элдик мекемелеринде жайгашкан. Өлкөдөгү коомдук коопсуздукту 9000ге жакын милиция кызматкери карап, алардын дээрлик 5 миңи шайлоо тилкелерине жакын жерде турушат. Ошондой эле укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүп, коомдук коопсуздукка көзөмөл салуу максатында 12000 друженник тартылган”,-деди ал.

Абдыгуловдун айтуусу боюнча, кошумча жаралган маселелерди чечүү максатында атайын ыкчам-топ түзүлгөн.

Добуш сатып алуу маселеси боюнча биринчи вице-премьер-министр билдиргендей, мыйзам бузгандар тиешелүү түрдө жоопко тартылышат.

Пикир

Оставить комментарий