• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Замандаш» партиясы тарапташтарын Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоого чакырат

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 26-июль /Кабар/. Бүгүн, 26-июлда «Замандаш» партиясы республикалык конференция ɵткɵрүп, анда алдыдагы шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун КР президенттигине талапкерлигин колдой турганын билдирди. Бул тууралуу аталган партиядан маалымдашты.

Ɵз сɵзүндɵ «Замандаш» партиясынын тең тɵрагасы Жеңиш Молдокматов Кыргызстанда алгачкы жолу реалдуу альтернативдик негизде ɵлкɵ башчысы шайланганы жатканын айтты. «Ɵлкɵгɵ коомдогу туруктуулукту сактап, улантуучу, Апрель революциясынан кийин багыттын тастыктап, экономикалык ɵнүгүүгɵ жетишүү үчүн мамлекеттеги бардык саясий жана коомдук күчтɵрдү бириктире алган адам керек болуп турат», - деди ал.

Ошондой эле Ж. Молдокматов «Замандаш» партиясынын 22-июлдагы саясий кеңешинин жыйынында алдыдагы шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоо чечими кабыл алынганын белгилеп ɵттү.

Мындан сырткары, Жеңиш Молдокматов учурдагы ɵкмɵттүн башчысы Сооронбай Жээнбеков талапкерлердин ичинен эң эле ылайыктуусу экенин билдирди.

Республиканын конференциянын соңунда партиянын саясий кеңешинин чечими 102 делегаттын кароосуна коюп, делегаттардын баары бир добуштан колдоого алышты.

Пикир

Оставить комментарий