• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРдагы президенттик шайлоо жаңы технологияларды колдонуу менен ийгиликтүү өттү – Ирандын байкоочусу

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 16.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандагы президенттик шайлоо жаңы технологияларды колдонуу менен ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Кыргызстандагы Иран элчилигинин биринчи катчысы Мохамма Реза Рафатпанах билдирди.

Анын айтымында, Ирандан байкоочу катары парламенттин эки депутаты чакырылган.

“Шайлоо ийгиликтүү, кооптуу, тартиптүү жана укуктук маанайда өттү. Ирандын делегациясы өткөн шайлоонун жыйынтыктары Кыргызстандын экономикасынын өсүшүн жана өнүгүшүн шарттайт деп ишенет”, - деди ал.

Дипломат шайлоонун жеңүүчүсүнө ийгилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий