• 88.68
  • 95
  • 0.95

Абитуриенттерди кышкы кабыл алуу 35 ЖОЖдо жүргүзүлөт

Билим 0

Бишкек, 18.10.23. /Кабар/. Абитуриенттерди кышкы кабыл алуу 35 жогорку окуу жайда жүргүзүлөт, анын ичинен 9 мамлекеттик, 26 жеке менчик. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Асан кызы билдирди.

Анын айтымында, кабыл алуу жүргүзүлө турган ЖОЖдор менен адистиктердин тизмеси жакында КР Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында пайда болот.

Белгилей кетсек, КР ЖОЖдоруна кышкы кабыл алуу окуу акысын төлөө менен келишим (контракт) боюнча гана абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөт. Гранттык орундар каралган эмес.

Пикир

Оставить комментарий