• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мектепке электрондук каттоодон өтүп жатканда көчөнүн аты чыкпай калса эмне кылуу керек? Жооп

Билим 0

Бишкек, 11.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев мектепке электрондук каттоодон өтүп жатканда көчөнүн аты чыкпай калса эмне кылуу керектигин айтты.

undefined

Анын айтымында, быйыл Кыргызстан толугу менен мектепке электрондук каттоого өтүп жатат.

“Өлкөдөгү ар бир көчө “Кадастр” мамлекеттик ишканасына киргизилген. Бирок кээ бир көчө системадан чыкпай калып жатат. Ал учурда ата-энелер бушайман болууда. Ата-энелер мэрияга кайрылып арыз жазганда ал көчө дароо киргизилүүдө жана киргизилет”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 11-апрелде Билим берүү жана илим министрлигинин сайты аркылуу мектеп жана бала бакчаларга электрондук каттоо башталган.

Пикир

Оставить комментарий