• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аймактык милиция кызматкерлери пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Аймактык милиция кызматкерлери пара менен кармалды, - деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан КР ИИМдин ички иликтөө кызматы жана УКМК менен биргеликте Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин ШМБ-3 (ГОМ-3) аймактык тескөөчүлөрү; милициянын ага лейтенанты А.У.Э., милициянын лейтенанты А.уулу И. 5 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалышты.

Тергөөдө аталган милиция кызматкерлери узак убакыттан бери туруктуу негизде О.Г., аттуу жаранды кылмыш жообуна тартабыз деп коркутуп, анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу аракети менен опузалап, андан акча алып жүрүшкөндүгү аныкталды.

Аталган милиция кызматкерлери Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий