• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто “Куттуу эл” улуттук форумунун алкагында маданий программа өттү

Аймак 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-майда, “Алымбек-Датка” этнографиялык комплексинде “Куттуу эл” биринчи улуттук форумуна карата кеңири маданий программа болуп өттү. Бул тууралу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, республиканын бардык облустарынан келген делегациялардын өкүлдөрү, жүздөгөн коноктор жана шаар тургундары катышты.

Маданий программанын алкагында Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн 13 этно-маданий борборлорунун жарманке-көргөзмөсү, жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн буюмдарынын, улуттук тамак-аш көргөзмөсү уюштурулду.

Салтанат шаардык маданият бөлүмүнүн чоң этно-концерттик программасы жана этно-мода шоусу менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий