• 88.68
  • 95
  • 0.95

Токио-2020: Айпери Медет кызы эки спортчуну утуп, жарым финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 01.08.21. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Токиодогу Олимпиада оюндарында күрөш боюнча мелдештин 1/8 финалынан баштап катышты.

Ал 76 кг салмактык категорияда 1/8 финалда казакстандык Элмира Сыдыкова менен күч сынашып, аны 8:1 эсебинде жеңип алды.

Чейрек финалда Айпери Медет кызы россиялык Наталья Воробьева менен тирешти. Аны мекендешибиз 12:0 эсебинде утуп алып, жарым финалга чыкты.

Пикир

Оставить комментарий