• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айтматовдун 90 жылдыгы Исламабадда белгиленди

Коом 0

Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган эскерүү күндөрүн өткөрдү.

Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, 5-декабрда КРнын Исламабаддагы элчилиги РФ элчилиги менен биргеликте Айтматовдун 90 жылдыгына арналган документалдуу тасма, сүрөт көргөзмөсүн жана жазуучунун китептеринен окууларын Пакистандагы алдыңкы жогорку окуу жайларынын биринде Улуттук заманбап тилдеринин Университетинде өткөрүшкөн.

"7-декабрда РФ элчилигинде "Ак кеме" тасмасы көрсөтүлүп, сүрөт көргөзмөсү жана кыргыздын улуттук тамак-аштары сунушталды", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын элчиси Э.Бейшембиев жолугушуулардын жүрүшүндө Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө, жазуучунун мааракесине карата Кыргызстанда жана башка чет өлкөлөрдө өткөрүлгөн маданий иш-чаралар тууралуу айтып берген.

Пикир

Оставить комментарий