• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ОшМУнун эс алуу жана реабилитациялоо борборунун курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин “Ак-Буура” эс алуу жана реабилитациялоо борборунун курулушу башталды.

Окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришкендей, капсула салуу аземине окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам катышты.

"Борбор 2 кабаттан турат, 1-кабатында дарылоочу, ден соолукту калыбына келтирүүчү, эс алуучу бөлмөлөр, 2-кабатында жайкы, кышкы лагерлерге ылайыкташкан заманбап конференц-залдар болот. Борбордун сыртында бассейн, кичи футбол аянтчалары, балдар ойноочу аянтча, заманбап ашкана курулат. Имараттын курулушу 3 айда аяктайт . Пайдаланууга берилсе аталган аймакта эс алуу менен биргеликте конференция, семинарларды, жыйындарды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин аталган аймакта окуу жайдын “Үмүт” эс алуу жайы жайгашкан эле.

Пикир

Оставить комментарий