• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда жайыт маселелери талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 22.12.22./Кабар/. Күн мурун, 21-декабрда Ысык-Көл облусунун башчысы Илияз Иманбетов Ак-Суу районунун тургундары менен жолугушуп, алыскы Сары-Жаз аймагындагы жайыт маселелерин талкуулады. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда жакынкы жайыттардын деградацияга учуруп жатышы, алыскы жайыттарга барганга унаа жолдордун начардыгы, телефон байланыштарынын жоктугу өңдүү маселелер жергиликтүүлөр тарабынан көтөрүлдү.

Облус башчы Илияз Иманбетов келаткан жылга район аймагындагы болгон жакынкы жана алыскы жайыттарды аныктап, ага бара турчу канча мал-жандык болот, ал жайыттарга барчу жолдордун абалы боюнча толук тактап чыгууну район жетекчилигине тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий