• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

АКШда демократтар тобу Трампка импичмент жарыялоого киришти

Дүйнө 0

Бишкек, 16.11.17 /Кабар/. АКШ Конгрессиндеги Демократиялык партиянын өкүлдөрү президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо жараяны башталганын билдиришти. Сенатор Стивен Коэн башында турган алты демократ президентти "Американын Конституциясын бузду" деп айыптаган документти жарыялашты.

Алар Федералдык иликтөө бюросунун (ФБР) директору Жеймс Коминин кызматтан алынышын, соттор менен укук коргоо органдарына басым болуп жатканын мисал келтиришкен. Ошондой эле Трампты өзүн "салык декларациясын жарыялоодон качып жатат" деп сынга алышкан. Конгрессмендердин кайрылуусу Өкүлдөр палатасына өткөрүлүп бе

АКШнын Конституциясы президентке импичмент көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт. Бул үчүн Өкүлдөр палатасында көпчүлүк добуш алып, андан кийин Сенаттын мүчөлөрүнүн үчтөн эки бөлүгүнүн колдоосуна ээ болуш керек.

Быйыл июлда да Конгресске президентке импичмент жарыялоо боюнча сунуш киргизилген, бирок колдоо тапкан эмес. Демократтар мунун ордуна көз каранды эмес комиссия түзүп, президенттик жарыш маалында Трамптын командасы менен Орусиянын ортосунда жең ичинен сүйлөшүү болгон-болбогонун иликтөөнү сунуш кылышкан.

Пикир

Оставить комментарий