• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аксыда башталгыч мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол айыл өкмөтүндө А.Жолдошов атындагы № 54 жалпы башталгыч билим берүү мектебинин жаңы имаратынын ачуу аземи болду.

Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришкендей, мектептин 100 орундуу эки кабаттуу жаңы имаратынын курулушу Ак-Жол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржыланды. Мектептин курулушуна 6 млн сом бөлүнгөн.

Ошондой эле мектептин ашканасына жеке ишкер тарабынан 62 миң сомго эмеректер алынып берилген. Ал эми айылдын тургундары тарабынан топтолгон каражаттарга мектептин айланасы бетондолгон.

Пикир

Оставить комментарий