• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Активисттердин жана экс-чиновниктердин кармалышында мыйзам бузуулар аныкталган жок – ИИМ

Коом 0

Бишкек, 25.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Активисттердин жана экс-чиновниктердин кармалышында мыйзам бузуулар аныкталган жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди.

Анын айтымында, 23-октябрда 22 жарандын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармалган.

“Биринчи май райондук сотунун чечими менен 20 адамдын камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган. Бир адам ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды. Учурда тергөө иштер жүрүп жатат. Тинтүү жүргүзүү, активисттердин кармалышынын мыйзамдуулугун прокуратура жана тергөө судьясы тарабынан каралып чыгып, тергөө аракеттерибиз мыйзамдуу деп табылды. Иш боюнча мыйзам бузуулар аныкталган жок”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси "Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу" менен козголгон кылмыш ишинин алкагында бир катар автивисттер жана саясатчылар кармалган.

Пикир

Оставить комментарий