• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров: 2024-жылдын алгачкы 100 күнү өлкөгө инвестиция тартуу иштерине арналат

Өкмөт 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңешинин отуруму болуп өттү.

Жыйынга чогулгандар мамлекеттик мекемелер менен ишкерлердин ортосундагы өз ара иш алып баруу механизмдерин талкуулашты. Отурумга мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү фонддордун, мамлекеттик банктардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Алгач “Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле “Инвестициялар жөнүндө” Мыйзамынын жаңы редакциясын сунуштоо каралды.

Мындан тышкары, Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жана мындан аркы пландары талкууланды. Маселен, 2022-2023-жылдарга карата мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу планы боюнча 24 долбоор ишке ашырылган. Ал эми, 2024-жылга долбоорлор 40ка жетээри пландалууда.

Өз сөзүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанга инвестиция тартуу маселелеринде, учурдагы укуктук-ченемдик актыларга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү менен гана чектелбестен, реалдуу идеялардын үстүндө иш алып барууга чакырды.

“Келээрки жылдын январь айында өлкөдөгү бардык өнүктүрүү фонддордун, мамлекеттик өнүктүрүү банктардын жана Кеңештин мүчөлөрүнүн ишин карайбыз. Алардын аткарган иштери боюнча отчет берүүсүн, инвестиция тартуу боюнча кийинки жылдарга далилдүү долбоорлорду күтөбүз. Ал эми, инвестицияга байланышкан мыйзамдарга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизип эле жатабыз. Бирок реалдуу өзгөрүү болбой жатат. Эми биз аны менен катар эле башка жол менен кетебиз. Мекемелер аралык комиссия түзөбүз жана тиешелүү программаларды тартабыз. Жаңы жылдын алгачкы 100 күнүн инвестиция тартууга байланышкан иштерди жүргүзөбүз”, - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, келээрки жылдан тартып мамлекетке инвестиция тартууга байланышкан жыйындар тыныгуусуз өткөрүлө турган болду.

Пикир

Оставить комментарий