• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров Абу-Дабиде Бүткүл дүйнөлүк инвестициялык форумга катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 16.10.23. /Кабар/. Бүткүл дүйнөлүк инвестициялык форуму көптөн бери инвестицияларды илгерилетүү жана ишкердик активдүүлүктү стимулдаштыруу үчүн абройлуу эл аралык платформа катары болуп келген. Биз туруктуу өнүгүү жамааттык аракет экенине ынандык. Биз глобалдык чакырыктарды чечүү жана өсүү мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу үчүн эл аралык коомчулук менен биргелешип иштөөгө умтулабыз. Бул тууралуу Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясы (ЮНКТАД) тарабынан уюштурулган 8-Бүткүл дүйнөлүк инвестициялык форумунун жүрүшүндө билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттары “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын негизи болуп саналат жана өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү Улуттук стратегиясына киргизилген” деп белгиледи.

«БУУнун Туруктуу өнүгүү боюнча баяндамасына ылайык, Кыргызстан БУУга мүчө 166 мамлекеттин ичинен 45-орунду ээледи. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2030-жылга карата БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча 30 мыкты өлкөнүн катарына кирүү милдетин койду”, – деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы.

Ал ошондой эле Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстандын таза гидроэнергетикасын өнүктүрүү үчүн эбегейсиз потенциалы бар экенин кошумчалады.

“Учурда биз колдо болгон кубаттуулуктун 13%ын гана пайдаланып жатабыз. Бул тармактын келечеги зор экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү аныктайт, ошондой эле аймакта жана анын чегинен тышкары отун-энергетикалык балансты камсыз кылат. Өндүрүштүн алдыңкы технологияларын киргизүү аркылуу дүйнөдөгү таза энергияны негизги камсыздоочулардын бири болууну каалайбыз”, – деген Акылбек Жапаров, өлкөнүн климаттык өзгөчөлүктөрү күн, шамал энергиясын жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнү жана натыйжалуу пайдаланууну түшүндүрөөрүн белгиледи.

Сөзүнүн аягында министрлер кабинетинин Төрагасы чет элдик инвестицияларды тартуу жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүү Кыргызстандын экономикалык саясатынын негизги приоритети экенин кошумчалады.

“Биз эл аралык өнөктөштөрдү Кыргызстанга инвестиция салууга чакырабыз”, – деп жыйынтыктады Акылбек Жапароа.

Пикир

Оставить комментарий