• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров БАЭ энергетика жана инфраструктура министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Өкмөт 0

Бишкек, 13.12.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль-Мазруи жана Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммед Саиф Аль-Сувайди менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы жана Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы мамилелер жана эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы кыргыз-эмират мамилелеринин жогорку өнүгүү динамикасын белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын президентинин Бириккен Араб Эмираттарына жакында болгон иш сапарынын алкагында 9 эл аралык документке, анын ичинде биргелешкен холдинг түзүү боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюлган. Учурда биздин мамлекеттик органдар бул документти ратификациялоону ыкчамдатуу үстүндө иштеп жатат, жакын арада ал күчүнө кирет жана компания өз ишин баштайт. Бул эки өлкө ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгараары шексиз”, - деди Акылбек Жапаров.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы айыл жерлерин таза суу менен камсыз кылуу, Кыргыз Республикасында жеткиликтүү турак жайларды куруу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү долбоорлоруна өзгөчө басым жасады.

Жолугушууда кызматташуунун башка актуалдуу багыттарынын арасында айыл чарбасы, байланыш жана коммуникациялар, кайра иштетүү өнөр жайы, алдыңкы технологияларды ишке киргизүү маселелери талкууланды.

Өз кезегинде эмират тарап стратегиялык долбоорлорду каржылоодо өнөктөш болууга жана экономиканын маанилүү тармактарына багытталган долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Соңунда министрлер кабинетинин башчысы Абу-Даби өнүктүрүү фондунун директорун Кыргыз Республикасына жумушчу сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий