• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров шайлоонун ачык-айкындыгын камсыздоо боюнча кабыл алынып жаткан чараларга тийиштүү билдирүү жасады

Шайлоо 2023 0


Бишкек, 09.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы - президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров шайлоо процессинин ачык-айкындыгын камсыздоо боюнча кабыл алынып жаткан чараларга жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ага кийлигишпөөсүнө тийиштүү билдирүү жасады.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, КР президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасын ишке ашыруу алкагында министрлер кабинети тарабынан шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын уюштуруу, ошондой эле административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу боюнча чаралар жыйындысын ишке ашыруу улантылууда.

Акылбек Жапаров өз билдирүүсүндө эскерткендей, президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 1-ноябрында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

«Мамлекет башчынын Жарлыгын ишке ашыруу алкагында министрлер кабинети тарабынан Иш-чаралар планы иштелип чыгып, тийиштүү министрликтер, ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине багытталган.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу 59 факты катталган.

Анын ичинен 29у Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам чара көрүүчү Координациялык тобуна келип түшкөн (мисалы 2020-жылдын октябрь айында 466 мыйзам бузуу фактысы катталган)», - деп белгледи Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, үгүт иштери башталгандан бери 10 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы жетиштүү денгээлде аткарылбагандыгына байланыштуу төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

- Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысы-акими кызмат ордунан четтетилди;

- Исфана шаарынын мэрине сөгүш жарыяланды;

Мындан тышкары, Ош шаарындагы студенттердин угүт иш-чараларына катышкандыгы үчүн:

- Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин деканы Б.Б.Муратбаев жана ошол эле факультеттин 3 окутуучусу кызматтан алынды;

- Ош мамлекеттик университетинин ректору К.Г.Кожобеков кызматтан алынды;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Б.Д. Купешевге, Ош шаарынын мэри А.И.Мамбетовго сөгүш жарыяланды.

Урматтуу бюджеттен айлык акы алган кызматкерлер жана жетекчилер!

Сиздердин үгүт иш-чараларына катышууңуздардын кереги жок. Түз кызматтык милдеттериңиздерди аткарыңыздар. Сиздердин милдетиңиздер – шайлоолорду өткөрүү үчүн шарттарды камсыздоо. Жарандык позицияны шайлоо күнү добуш берүү аркылуу билдире аласыздар. Бүгүнкү күндө шайлоо процессине кийлигишпеңиздер.

Урматтуу жетекчилер, эгерде сиздер ээлеген кызматтан бошотулууну каалабасаңыздар Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын так аткарыңыздар, ошондо сиздердин аброюңуздар кыргыз элинин алдында таза болот.

Мен муну Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы жана Кыргыз Республикасынын президентинин пдминистрациясынын жетекчиси катары талап кылам», - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий